02:57
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Сот Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагында 5-октябрга чейин калтырды

Кылмыш иштери боюнча соттук коллегия мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусунун арызын карап чыкты. Бул тууралуу uzsushi.com агенттигине адвокат Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, сот Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагында 5-октябрга чейин калтырды.

«Соттун чечими мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар