15:34, 23 марта 2018, Бишкек - uzsushi.com
Бектур Асанов бир кишилик камерада кармалган жок. Бул тууралуу «uzsushi.com» агенттигине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, Бектур Асанов коопсуздугун камсыз кылууну сурангандыктан, ал күзөт кызматынын жанындагы камерага киргизилген.
Эскерте кетсек, оппозициячыл Бектура Асанов бир айдан бери № 27- абактын бир кишилик камерасында кармалып жаткандыгы тууралуу Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын жетекчиси Таалайбек Жапаровго жана баш прокурор Индира Жолдубаевага кат жолдогон. Катты активист Адил Турдукулов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган.