01:19
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Көмүрдүн баасы бир жарым айда тоннасына 891,1 3 сомго кымбаттады

Жергиликтүү көмүрдүн баасы бир жарым айда тоннасына 891,1 3 сомго, импорттук көмүр 516, 66 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Экономика министри маалымдайт.

20-октябрга карата жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы 4 миң 167, 59 сом, импорттуку 4 миң 658, 33 сом болду.

Баткен облусунда көмүр баасы 5 миң 666,7 сом, Нарында 3 миң 75 сом. Сүлүктүнүн көмүрү айрым райондордо 9 миң сомго чейин жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG