Жаза өтөө кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт

10:30, 12 октября 2017, Бишкек - uzsushi.com

12-октябрдан тарта Жаза өтөө кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп баштарын билдирет.

Мекеменин билдирүүсүндө, шайлоого даярдыкка байланыштуу жалпы коомдук тартипти камсыз кылуу, чукул кырдаалдын алдын-алуу максатында иш тартибин өзгөртөт.

Айрыкча абактарга кирип-чыгуу бөлүмдөрүндө көзөмөл күчөтүлөт.

Белгилей кетсек, чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипке өткөн. Шайлоо 15-октябрда өтөт.