Беш ай ичинде 25 бала сууга чөгүп кеткен. Алардын жарымы 10 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу «uzsushi.com» маалыматтын агентигине ИИМдин Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынан билдирди.
ИИМ ата-энелерди бул мезгилде балдарын өз алдынча сууга түшүүгө жөнөтпөөнү суранып, алдын-ала көлмөлөргө чөмүлүү эрежелерин жана коопсуздук чараларын үйрөтүү кеңешин беришет.
«Бул мезгилде суунун-деңгээли жогору болуп, дарыялар ашып-ташып турган кез. Балдарды суу агызып кетип жатат. Чоңдорсуз балдарга сууга түшүүгө болбойт. Жээктен алыс кетүүгө да тыюу салынат. Канал, дарыя, көлмөгө жакын жерде ойноого да уруксат бербеш керек», — дешти Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынан.