11:27, 01 июня 2017, Бишкек - uzsushi.com , Анара МАМЫТОВА
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт «Дыйкан» базарын күч менен басып алганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн пленардык отурумда айтты.
Белгилей кетсек, депутат «Дыйкан» базары боюнча түзүлгөн парламенттик жумушчу топту жетектеген.
«Жумушчу топту жетектебей эле койсом болмок экен. Биз чечим чыгарып, өкмөткө жөнөтсөк, алар биротоло жаап салып жатат. Соттун эмес, өкмөттүн аппаратынын протоколдук чечими менен эле жаап коюшту« — деди, Рыскелди Момбеков.
«Бул рейдерлик. Бакиевдин кезинде да мындай болгон эмес» — деди ал.