Тарыхта биринчи жолу Эл аралык Олимпиада комитетин(ЭОК) аял башкарат. Зимбабведен келген эки жолку Олимпиада чемпиону Кирсти Ковентри ЭОКтун президенти болду. Бул тууралуу Эл аралык спорттук уюмдун сайтында жазылууда.

Кирсти Ковентри 200 метрге чалкасынан сүзүү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону (2004, 2008). Ал үч күмүш жана бир коло медалга ээ болгон.
Атактуу спортчу үч жолу дүйнө чемпиону болгон. 2018-жылдан бери Зимбабвенин спорт, эс алуу, искусство жана маданият министри болуп иштеген.
2023-жылдан бери Эл аралык Олимпиада комитетин (ЭОК) Аткаруу кеңешинин мүчөсү.
Эске салсак, ал 2018-жылдан 2021-жылга чейин Аткаруу комитетинин мүчөсү болгон, бул мезгилде ал ЭОКтун Атлеттер комиссиясынын төрагасы да болгон.