08:05
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Журналист Канышай Мамыркулова кармалышы. Милиция маалымат берди

Бишкек ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан массалык башаламандыкка чакырыктарга жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда, Фейсбук" социалдык тармагынан Кыргызстан- Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана Кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Канышай Мамыркулова» аттуу колдонуучу аныкталган.

Маалымат, соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталып, борбордук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен кылмыш кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1975-жылы туулган К.М., аттуу шектүү аныкталып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, ушул эле жаран мурда орун алган кыргыз-өзбек республикаларынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча дагы коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралган. Учурда бул кылмыштуу аракеттерге катыштыгы бар атуулдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар