08:00
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Дүйнө чемпиондугуна тандоо. «Ак шумкарлар» Өзбекстанга утулуп калды

Ташкентте Кыргыз курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Өзбекстан курамасы менен беттешти. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Жетинчи турдун беттешуусунде биздин команда 0:1 эсебинде утулуп калды.

Эске салсак, 25-мартта Кыргыз курама командасы Бишкекте Катардын футболчулары менен беттешет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын октябрь айында биздин команда Азия зонасында 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун эки оюнун өткөргөн. Кыргыз курамасы Катарга конокто утулуп, бирок Бишкекте Түштүк Кореяны жеңип, тайпада бешинчи орунда келе жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар