11:01
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Акыйкатчы БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өлкөдө адам укуктарынын абалы жана бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Ошону менен катары эле, БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери менен Акыйкатчы Институтунун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы
Фото Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы
Жаманбаева Акыйкатчы Институтунун адам укуктарын коргоодо жана мыйзамдарды өнүктүрүү жаатында жасаган иштерине токтолду.

Акыйкатчы өткөн жылы институт тарабынан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына байкоо салып, 420 мониторинг жана изилдөө, 285 инспекция жүргүзүлгөнүн билдирди. Анда кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын укуктарына, майыптыгы барлардын, аялдардын жана балдардын, аскер кызматын өтөп жаткандардын жана башкалардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жаманбаева 2024-жылдын жыйынтыгында, институттун буга чейинки ишмердүүлүгүндө биринчи жолу акыйкатчынын сунуштарын ишке ашыруу көрсөткүчү 68 пайызга жеткенин белгиледи. Ал эми, институттун кароосуна келип түшкөн мыйзам долбоорлордун саны 2023-жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн.

«Бул жыйынтыктарга жетүү адам укуктарын коргоодо Акыйкатчы Институту мамлекеттик органдар менен бирге системалык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп, биргелешкен иш-аракеттердин аркасында мүмкүн болду», — деди Жамиля Жаманбаева.

Өз кезегинде, Фолькер Түрк институттун өлкөдөгү мыйзамдарды жакшыртуудагы ролун белгилеп, тынымсыз укуктук реформанын жана жарандык коомду өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

«Сиздин Акыйкатчы Институтун Париж принциптеринин «А» статусуна ылайык келтирүүгө аракеттенип жатканыңызды билем. Мен муну абдан кубаттайм жана ал ишке ашат деп үмүттөнөм. Биз сиздер менен жарандык коом жана бийлик менен кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча абдан тыгыз иштешүүнү каалайбыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар