10:23
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Жогорку Кеңештин депутаттары бир жумага эс алууга чыгышат

24-28-март аралыгында Жогорку Кеңештин депутаттары аймактардагы шайлоочулар менен иш алып барышат.

Эл өкүлдөрү парламенттин жыйынында ушундай чечимге келип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун кабыл алышты.

Депутат Акылбек Түмөнбаев ишке кайтып келгенден кийин Жогорку Кеңештин комитет төрагаларынын отчетун кароону сунуштады. Депутат регламентке ылайык, комитет төрагалары 1-октябрга чейин парламенттин отурумуна отчет бериши керектигин жана бул тууралуу буга чейин айтканын эске салды.

Эң көп окулган жаңылыктар