Кыргызстан менен Беларустун ортосунда 2025-2027-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планына («Жол карта») кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан документке КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак видео-конференц байланыш аркылуу кол коюшту.
Анда Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын теңтөрагалары Бакыт Төрөбаев менен Анатолий Сивак, кызматташтыктын бардык багыттарын камтыган бул документтин маанилүүлүгүн белгилешип, Жол карта биринчи кезекте соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук-логистика тармагындагы пайдаланылбаган потенциалды ачууга мүмкүндүк берээрин билдиришти.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү Жол картасын жигердүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырмалар берилди.