Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларында болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анан алкагында минкаб башчысы Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагындагы «Чайна Петроль компани «Джунда» заводун реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты.
Белгилүү болгондой, модернизациялоо долбоору аяктап, толук кубаттуулукка чыккандан кийин завод Кыргызстандын ички рыногунун керектөөлөрүнүн 40% дан ашыгын кайра иштетитилген мунай заттары менен камсыздайт. Продукциянын ассортиментине Аи95, Аи92, Аи80 маркасындагы бензин, дизель майы, суюлтулган газ, меш отуну, жылытуучу май жана чайыр кирет.
Андан соң Адылбек Касымалиев Кара-Балта шаарындагы «Зилан Эверсун Текстиль» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилей кетсек 20 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турган «Кара-Балта-килем» ЖЧКнын мурдагы килем фабрикасынын базасында Түркиялык инвестор тарабынан текстиль фабрикасын уюштуруу иштери башталып, президентинин ВКБ аркылуу катышуусунда завод ишке кирген.