Жогорку Кеңештин депутаттары «санариптик сом» улуттук санариптик валютасынын укуктук статусу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору жана улуттук санариптик валютанын укуктук статусу жөнүндө айрым мыйзам актылары «санариптик сомду» ишке киргизүү жана укуктук негизди жана анын статусун түзүү максатында иштелип чыккан.
Демилгечилер белгилегендей, «санариптик сом» санариптик валютасынын укуктук статусу техникалык платформаны туура тандоодон жана санариптик сомдун прототибин тестирлөөнүн тесттик жана пилоттук мезгилдеринин ийгиликтүү өтүшүнөн, ошондой эле аны өндүрүш режимине киргизүү чечиминен көз каранды.
Буга байланыштуу мыйзам долбоорлорун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталууда.