01:16
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Чолпон-Атанын мурдагы мэри уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы
Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР жараны С.Т.К. (криминалдык чөйрөдө «Потап» лакап аты менен белгилүү) кармалды.

Аталган С.Т.К.нын «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында К. Асанбектин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.

Мындан тышкары, С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.

2025-жылдын 13-мартында чогултулган материалдардын негизинде С.Т.К. кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде Жаза аткаруу кызматынын № 21 мекемесине киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар