01:18
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына 332 окуучу катышат

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына 332 окуучу катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда үчүнчү аймактык этап аяктап, ага 1964 окуучу катышкан. Анын ичинен 332 мектеп окуучусу эң жакшы көрсөткүчкө жетишип, республикалык олимпиадага катышат.

Эскерте кетсек, эми 4 этап (мектептик, райондук, облустук, республикалык) жүргүзүлөт. Балдар жалпы билим берүүчү 17 предмет боюнча жыйынтык көрсөтүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар