17:30
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Эски аянтта Нооруз. Шаар жетекчилиги майрамдык иш-чараларга токтолду

21-мартта Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында (Эски аянт) саат 10:00дөн 19:00гө чейин Нооруз майрамынын урматына майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралар «Кел, куттуу Ноорузум» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук элементтерди көрө алышат.

Күнү бою аянтта прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, орус эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулар «Ордо (Кыргыз айылы)» боз үйлөрүнө зыярат кылып, кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат.

Борбор калаанын муниципалитети бардыгыңыздарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, майрамга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар