14:03
USD 85.61
EUR 93.38
RUB 1.04

Бишкектин Эски аянтында Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол беттеши көрсөтүлөт

Бишкекте 2025-жылдын 20-мартында саат 19:00дө Усубалиев аянтында (Эски аянт) футбол күйөрмандары үчүн коноктогу «Өзбекстан — Кыргызстан» беттешин көрүү үчүн ачык асман алдындагы фан зонасы уюштурулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң шоу-программа тартууланат. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын футбол биримдиги жана өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурган.

Борбор калаанын мэриясы бардык шаар тургундарын Кыргызстандын курама командасын колдоп, оюн-зоок кечесин пикирлештер менен бирге өткөрүүгө чакырат.

Иш-чарага кирүү акысыз, фан зонасы саат 19:00дө ачылат, беттеш 22:00дө башталат.

Эске салсак, Кыргызстан курама командасы Ташкентте Өзбекстандын командасы менен беттешсе, 25-мартта Бишкекте Катардын футболчулары менен беттешет.

Эң көп окулган жаңылыктар