32 жыл ичинде Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 101 объектиси менчиктештирилген. Бул тууралуу уюмдун төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, федерациянын мүлкүн инвентаризациялоо иштери аяктады. Уюмдун балансына кайтаруу боюнча 47 объект боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, дагы 50дөн ашык объекти боюнча соттук териштирүүлөр башталат.
Мурадил Жумадилде уулу инвентаризациялоого УКМК менен Башкы прокуратура көмөктөшүп жатканын, анын максаты санаторий-курорт өңдүү объектилерди кайтарып берүү экенин кошумчалады.
Профсоюздар федерациясынан билдиришкендей, дагы 14 объект президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берилди.