12:14
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бүгүндөн тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөөгө жабылат

17-марттан тарта Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев проспектиси, Ч.Айтматов проспектиси/Семетей көчөсү кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. № 8 жана № 55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Д.Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.

Эң көп окулган жаңылыктар