12:05
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бишкекте Кыргызстан менен Катар курама командалары беттешет

2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо турниринин экинчи айлампасында Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу 3-турдагы орунду камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстан футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турниринин 3-турунда Кыргызстандын курама командасы Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Оюн борбор калаанын башкы аренасы — Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, бул улуттук кураманын 2025-жылдагы үйдөгү алгачкы жолугушуусу болот. Үчүнчү турда 18 команда алты командадан үч топко бөлүнөт. Бул этаптын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Төртүнчү тандоо турунда Азиядан дагы эки өкүл аныкталып, континенттер аралык плей-офф оюндары аркылуу Дүйнө чемпиондугуна кошумча орун ыйгарылат.

Кыргызстан улуттук команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын командалары менен бирге А тайпасына кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар