Кыргызстанда 15-март күнү Аталар күнү белгиленет

18:16, 13 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Кыргызстанда 15-март күнү Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Аталар күнү» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

«Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Аталар күнү былтыр негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат.