21:12
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Таштандыларды туура эмес жерге ыргыткан бишкектиктерге 2,1 млн сом айып салынды

Муниципалдык инспекция шаар тургундарына тиричилик таштандыларын уруксат берилбеген жерлерге таштаганы үчүн 2 миллион 102 миң сом айып салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жыл башынан бери 100дөн ашык адам белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле жеке сектордун тургундары үй-тиричилик таштандыларды чыгаруу графигин сактабастан, борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузушууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы башаламан таштанды жайларында тынымсыз күзөт жүргүзүүдө. Рейд учурунда укук бузуучулар дароо жоопко тартылып, ошондой эле видеобайкоо камераларынын жазууларынан кийин дагы жоопко тартылууда.

Таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана үйүп салуу үчүн физикалык жактарга 104 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 572 000 сомду түздү. Юридикалык жактарга болсо 90 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 530 000 сомду түздү.

Ошондой эле курулуш, тигүү жана башка калдыктарды таштоо боюнча 150 протокол түзүлүп, суммасы 2 318 500 сом болду.

"Урматтуу жеке сектордун тургундары! Таштандыларды чыгаруучу графикти сактоо зарылдыгын эскертебиз. Азыркы учурдагы таштандыларды чыгаруунун расмий графиги тууралуу маалымат алуу үчүн, квартал өкүлүнө кайрылыңыз.

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары! Таштандыларды атайын белгиленген контейнерлерге таштаңыздар!",-деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар