860 миллион 742 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

16:44, 13 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Кыргызстанда мыйзамсыз сатылган 869 миллион 742 миң сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Орто-Сай (мурдагы Таш-Дөбө) айылындагы 1 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер мамлекетке кайтарылды.