Кыргызстанда мыйзамсыз сатылган 869 миллион 742 миң сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Орто-Сай (мурдагы Таш-Дөбө) айылындагы 1 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер мамлекетке кайтарылды.