Бүгүн, 13-мартта «Ынтымак Ордодо» Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюшту.
Катышкан делегациянын мүчөлөрү тарыхый окуяны кол чабуулар менен тосуп алышты.
Эми процедурага ылайык, бул келишим эки өлкөнүн парламенттеринин кароосуна коюлат. Мыйзам долбоору депутаттар тарабынан ратификациялангандан кийин кайрадан мамлекет башчыларынын кол коюусуна сунушталат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери 31-мартта жарыяланган Фергана өрөөнүнүн саммитинде ратификациялык грамоталарды алмашышат. Ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин да катышуусу күтүлүүдө.
Чек араларда ратификациялык грамоталар алмашкандан кийин гана демаркация процесси башталат. Башкача айтканда, чек ара белгилерин жана башка инфраструктураларды орнотуу жүргүзүлөт.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 10684 чакырым болсо, анын 2011-жылга чейин 519,9 чакырымы такталган, акыркы үч жылда 486,94 чакырымы такталган.
Буга чейин Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жетектеген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек ара маселеси кандай принциптердин негизинде каралып жатканын түшүндүрүп берген.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-февралында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.