20:13
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда аба каттамдары жанданды

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол койгондон кийинки билдирүүсүндө айтты.

«Аба каттамдары кайра жанданганын канааттануу менен белгилегим келет жана автобус каттамдары жакында жанданып, жарандарыбыз бири-бири менен байланыша башташат деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Андан ары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өз сөзүндө алгачкы каттамдар эртең ишке ашарын тактады. Анын айтымында, Дүйшөмбү — Бишкек, Бишкек — Дүйшөмбү, Бишкек — Худжанд багыттары боюнча каттамдар пландалууда.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын жазында чек арадагы жаңжалдан кийин кыргыз өкмөтү Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүү-чыгуу, жүрүү, жүрүү жана транзиттик өтүүсүнө чектөө киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар