15:45, 13 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу китептери кандай болорун билдирди.
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө этабы менен өтүүнүн алкагында жаңы стандарттар жана программалар иштелип чыгууда. Буга ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга шайкеш келген окуу китептерин басып чыгарууга 2025-жылы мамлекет тарабынан 744 миллион сом бөлүнгөн.
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жанаркүл Дооталиеванын билдирүүсү боюнча: «Учурда англис тили, математика жана жаратылыш таануу боюнча жаңы окуу китептери сатылып алынып, которулуп, мамлекеттин билим берүү системасына ылайыкташтырылып жатат.
2025-2026-окуу жылында 2,3 миллион нускада — «Англис тили» китеби (3-9-класстар үчүн), 1,4 миллион нускада — «Математика» китеби (1,2,5,8-класттар үчүн) жана ушундай эле нускада (1,4 млн) «Жаратылыш таануу» китеби (1,2,5,8-класттар үчүн) басылып чыгарылат. Булар негизинен приоритеттүү класстар (1,2,5,8-класстар) үчүн даярдалып жатат.
Кийинки 2026-2027- окуу жылында калган класстар үчүн (3,4,6,7,9-класстар) — математика, жаратылыш таануу китептери жана 11-класстар үчүн химия, биология, физика жана астрономия китептери жаңыча басылып чыгат. Ал эми 2027-2028-окуу жылында 10-12 класстар үчүн математика, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу куралдары даярдалат. Ошондой эле учурда кыргыз тили жана адабияты окуу китептери иштелип чыгууда жана алар жыл аягына чейин даярдалып бүтөт. Негизинен алганда жалпы окуу китептеринин саны муктаждыкка толугу менен жооп берет, тартыштык болбойт», — деди ал.
Белгилей кетсек, жаңы окуу материалдары окуу-методикалык комплекстер түрүндө даярдалып, ал өзүнө окуу китебин, окуучунун жумуш дептерин, аудио-видеоматериалдарды жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмону камтыйт.