Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара келишимине кол коюу боюнча комментарий берди.
Уюмдун сайтында маалымдалгандай, бул тараптардын маселелерди тынчтык жолу менен, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо менен чечүүгө болгон жакшы ниетинин ишке ашырылышынын артында мүмкүн болду.
"ШКУга мүчө мамлекеттер кол коюлган Келишимдин өзгөчө маанисин белгилешет жана аны Шанхай Кызматташтык Уюмунун аймагында тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотуу ишине кошулган баалуу салым катары баалайт",-деп айтылат маалыматта.