18:20
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекеттери кайрадан иштей баштады

«Ынтымак Ордодо» Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлгандан кийин Лейлек районундагы «Кайрагач» жана Баткен районундагы «Кызыл-Бел» чек ара көзөмөл өткөрүү бекети ачылды.

Төрт жылдан бери жабык турган чек ара бекеттеринин ачылышына президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон онлайн режиминде катышты.

Эске салсак, эки мамлекеттин чек арасы 2021-жылы май айында болгон биринчи чек ара кагылышынан кийин жабылган.

Бүгүн,13-мартта Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча келишимге кол коюшту. Кыргыз-тажик чек арасындагы калган бекеттерди ачуу этап-этабы менен жүргүзүлмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар