Бүгүн, 13-мартта Бишкектеги «Ынтымак Ордодо» Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду.
Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Рахмондун кортежи атчан эскорттун коштоосунда «Ынтымак Ордо» имаратына келди. Имараттын флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинип, эки өлкөнүн гимни жаңырып, ардактуу кароолдун тизилүүсү менен аскердик парад өттү.
Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары курамдын абалы менен таанышты.