09:53, 13 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунда боло турган оюндарга катыша турган кеңейтилген тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.
Кеңейтилген тизмеге 31 оюнчу кирген.
Команда 12-мартта Бишкекте даярдыктарды баштаган. 18-мартта Ташкентке учуп кетет.
Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айында Кыргызстан курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия зонасында эки беттешин өткөргөн. Биздин команда Катарга конокто утулуп, бирок Бишкекте Түндүк Кореяны жеңип алган.