15:39
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Дүйнө чемпиондугуна тандоо. Кыргызстан курама командасынын тизмеси жарыяланды

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунда боло турган оюндарга катыша турган кеңейтилген тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Кеңейтилген тизмеге 31 оюнчу кирген.

Белгилей кетсек, 20-мартта Кыргызстандын курама командасы Ташкентте Өзбекстандын командасы менен, ал эми 25-мартта Бишкекте Катардын футболчулары менен беттешет.

Команда 12-мартта Бишкекте даярдыктарды баштаган. 18-мартта Ташкентке учуп кетет.

Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айында Кыргызстан курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия зонасында эки беттешин өткөргөн. Биздин команда Катарга конокто утулуп, бирок Бишкекте Түндүк Кореяны жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар