09:00, 13 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачылат. Бул тууралуу маалыматты uzsushi.com агенттигине Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.
Эки өлкөнүн президенттери «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» өткөрмө бекеттеринин ачылыш аземине онлайн катышат.
Эске салсак, Кыргызстан коңшу Тажикстан менен чек арасын мындан төрт жыл мурун, 2021-жылдын май айында жапкан. Мындай чечим 28-апрелде Баткен районундагы Головной суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагында болгон куралдуу жаңжалдан кийин кабыл алынган. Кийинчерээк ал аскер бөлүктөрүн жана оор техниканы колдонууну камтыган. Окуяда 189 кыргызстандык жабыркап, 36 адам, анын ичинде балдар каза болгон. Башкы прокуратура КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп, Тажикстандын аракеттерин аскердик басып алуу катары баалаган.
Ошол кездеги министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көйгөйлөр чечилмейинче чек арадан өткөрүү токтотулганын билдирген.