08:00, 13 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн лидерлери келгенинде аларды төкмө акындар, «Алп» баатырлар жана «Аталар изи» аттуу топтомунан улуттук кийим кийген кыздар салтанаттуу тосуп алышты.
Этномаданий программанын алкагында Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли жана Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамблинин катышуусунда концерт коюлду.
Андан кийин конокторго керней, сурнай жана добулбастын коштоосунда манасчы «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди. Эпикалык баяндын уландысы катары «Камбаркан» жана «Ак-Марал» ансамблдеринин музыкалык композициясын аткаруусу болду.