Фото Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты. Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Манас» эл аралык аэропортунда Тажикстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту.
Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Фото Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты
Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.