Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

16:29, 12 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Туризм департаментинин жамаатына жаңы директор Эрденет Касымовду тааныштырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Фото Интернеттен алынды. Эрденет Касымов
Маалыматка ылайык, Касымов Эрденет Жыргалбекович 1993-жылы 21-октябрда туулган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча бакалаврды аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

2011-2013-жылдары А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде — Студенттик кеңештин координатору.

2014-жылдын январынан апрелине чейин — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу жана топтоо пенсиялык фонддорун өнүктүрүү бөлүмүндө стажировкадан өткөн.

2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын апрель айына чейин — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык көмөктөшүү департаментинин стажёру.

2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын октябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам департаментинин мамлекеттик инвестициялар программалары бөлүмүнүн адиси- Эл аралык кызматташтык дирекциясынын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу бөлүмү.

2019-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти кызматында.

2022-жылдын октябрынан декабрь айына чейин — Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.

2023-жылдын январынан тартып — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн улук эксперти.