15:56
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Депутаттар Искандер Гаипкуловду БШК мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Искандер Гаипкуловду Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук беришти.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер Нурланбек Азыгалиев депутаттарга Искандер Гаипкулов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча арыз жазганын билдирди.

Аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Катталган 79 депутаттын 69у «макул» деп добуш берип, үч депутат БШКнын мүчөсү Гаипкуловду ээлеген кызматынан бошотууга каршы добуш беришти.

Эскесалсак, Искандер Гаипкулов 2017-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2021-жылдан бери КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар