Бишкекте төрт унаа менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуя болгон жерден видеолорду окуяга күбө болгондор социалдык тармактарга жайгаштырышкан.
uzsushi.com басылмасына борбор калаадагы Бишкектин Кайгуул кызматынын билдиргендей, кырсык бүгүн саат 11:30дар чамасында болгон. Ганди көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан КамАЗдын айдоочусу бурулуп бара жатып Kia Morning унаасын сүзүп алган.
Андан соң жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, Toyota 4Runner, Honda Fit жана скутерди сүзгөн.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Унаалар убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.