15:49
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Бакыт Төрөбаев: «Дыйкандар контракт боюнча насыя ала алышат»

Жогорку Кеңештин жыйынында Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев көпчүлүктүн банкта күрөөсү жок болгондуктан, дыйкандар контракт боюнча жеңилдетилген насыя ала турган механизм иштелип жатканын билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн дыйкандар кредиттик тарыхы жана салыктык чегерүүлөрдүн жоктугунан жеңилдетилген насыя ала албай жатышат.

«Мындан тышкары, эгерде мурда жеңилдетилген насыяларды негизинен Чүй облусунун юридикалык жактары алса, эми биз аларды негизинен башка аймактарга беребиз», — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле асыл тукум малдарды сатып алуу үчүн жеңилдетилген лизинг жылына 3 пайыз менен бериле баштаганын билдирди. Аткаминердин айтымында, Айыл чарба министрлиги үч жыл аралыгында жарандарга асыл тукум малдын уруктарын бекер таратып берет.

Эң көп окулган жаңылыктар