Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунда 5 миң мыйзамсыз менчиктештирилген объект бар экенин, анын 350 объектинин ээлери мамлекетке өткөрүүгө даяр экенин, бирок аким кабыл алуу актына кол коюудан коркуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Сын-Таш айыл өкмөтүндө эле 63 мыйзамсыз менчиктештирилген объект бар. Аларды алгандардын арасында мурдагы айыл чарба министри Александр Костюк да бар.
Эл өкүлү бала бакчанын имаратын мамлекетке өткөрүп берген Акылбек Жапаровдун жубайына ыраазычылык билдирди.
«Кеп 1,5 миллиард сомдук мүлк жөнүндө болуп жатат. Ал жерде прокуратуранын кереги жок. Мен баары менен сүйлөштүм. Жөн эле 350 объектти алыңыз. Үч имаратты өзүм оңдоп бүткөм, жөн эле алып кеткиле. Аким коркпош керек. Ооба, менчиктештирип алгандардын арасында министрлер, премьер-министрлер, жада калса экс-президенттер да бар. Мен да өзүм корком. Жер мафиясы абдан күчтүү жана биз аны жеңишибиз керек. Силер бул жерге коркуш үчүн эмес, аны менен күрөшүү үчүн келдиңер», — деди ал.
Айыл чарба министрлигинин башчысы Бакыт Төрөбаев ага караштуу башкармалык менен УКМК биргелешкен комиссия түзүп, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы министрликке тиешелүү объектилерди кайтарып жатканын айтып жооп берди.