15:40
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Малдар атайын жайларда гана союлат. Айыл чарба министрлигинин талабы

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-марттагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевге мал союучу жайлар боюнча суроо узатты.

Эл өкүлү мал союучу жай жок алыскы аймактарда жашагандарды эмне кылуу керек экенине кызыкты.

«Айыл чарба министрлиги мал союучу жай жок алыскы аймактардын жашоочуларына тышкары жерде союуга убактылуу уруксат берет. Аларды бардык райондордо акырындык менен куруу пландалууда. Ага чейин атайын уруксат менен союу болот. Мал союучу жайлар бар аймактарда жашагандар малды ошол жерде гана союуга милдеттүү», — деп жооп берди Бакыт Төрөбаев.

Эскерте кетсек, Айыл чарба министрлиги мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, фермерлер малды жалаң касапканаларда сатууну талап кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар