Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Спорт лагеринин» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Анын алкагында, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Спорт лагеринин» имараты жанаша жайгашкан жер тилкеси (пайдалуу аянты 162,2 чарчы метр, жанаша аянты 213,67 чарчы метр) менен мамлекеттик менчикке кайтарылып берилди.
2003-жылы аталган «Спорт лагери» жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган. Мындан улам азыркы менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мурдагы «Спорт лагеринин» имаратын өткөрүп беришкен.