Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитовго сөз берилген жок

11:09, 12 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов бүгүн, 12-мартта парламент жыйынында сөз сүйлөөгө 10 мүнөт убакыт сурады. Өтүнүчтү төрага Нурланбек Тургунбек уулу добуш берүүгө койду.

Эл өкүлүнө сөз сүйлөөгө 10 мүнөт убакыт берүүнү 20 адам колдоп, 14ү каршы добуш берди. Өтүнүч четке кагылды.

"Мен жөн гана фракциядан чыкканым боюнча айткым келген. Мен чек ара тууралуу айткым келген жок. Биз депутатпызбы же эмне, уялбайсыңарбы? Эми бир сөз айта албайсыңбы? — деп ачууланды Султанбай Айжигитов.