15:50
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Эмомали Рахмондун иш сапары. Бишкекте жана Чүй облусунда кайсы көчөлөр жабылат?

Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына байланыштуу 12-13-март күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунун «Манас» аэропортунан кеткен унаа жолунда убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Алар төмөнкү аймактарга таасир этет:

«Манас» эл аралык аэропортунан борбордун чек арасына чейинки жол;

Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чек арасынан Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн чыгыш тарапта Манас проспектисине чейин;

Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери түштүк багыт боюнча «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол.

Мамлекеттик иш сапарга байланыштуу айдоочулардан унааларын белгиленген жол тилкелеринде калтырбоого, ал эми жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына өтө зарылчылык болбосо, аларда жүрүүдөн баш тартууну суранат.

Бардык айдоочуларга эрежени так сактоо жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин талаптарын аткаруу катуу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар