18:44, 11 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Эртең, 12-мартта Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −4...+1, күндүз 11...16
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9
Нарын облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз 4...9
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −1...+1°, күндүз 14...16° жылуу болот.