17:59, 11 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Бишкекте Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Дарыянын 11 чакырым аралыгын тазалоодо муниципалдык кызматкерлер 2100 жолу чыгып, 46822 тонна таштанды чыгарылды.
Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объект демонтаждалган.
Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер менен таанышты.
«Иш муну менен эле токтоп калбайт. Бүгүнкү күндө негизги иштерден тышкары дарыяны эстетикалык көрүнүшкө алып келүү үчүн чакан экскаваторлорду ишке киргизебиз», — деп баса белгиледи калаа башчысы.
Ошондой эле, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, сейилдөөчү аянтча уюштуруу, жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү жана дарыя жээктерин бекемдөө боюнча башка тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети коюлду. Жөө жүрүүчүлөрдүн эс алуу жерлериндеги чуңкурларды оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына тапшырылды.
Учурда 1400 метр тазаланды. Тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылды.
Тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы башка шаардык кызматтар жана КР ӨКМ менен биргеликте жүргүзүүдө.