15:33
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Билим берүү министрлиги жайда мектептерде оңдоо иштерин ким жүргүзөрүн чече элек

Билим берүү министрлиги бул жайда мектептерде оңдоо иштерин ким жасай турганын чече элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Депутат Бактыбек Марипов билим берүү мекемелерине оңдоо иштерине сапаттуу материалдар бөлүнгөнүн белгиледи. «Бирок оңдоо иштерин ким жасаары айтылган эмес. Мугалимдер мектептерде капиталдык оңдоо иштерин ким жүргүзөт деп сурап жатышат», — деди ал.

Надира Жусупбекова бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча бир чечимге келе электигин билдирди. Ал кошумчалагандай, быйыл жалпы билим берүү мекемелерин оңдоого 401 миллион сом бөлүнгөн, буга чейин бул максаттарга 100 миллион сом эле бөлүнчү.

Эң көп окулган жаңылыктар