15:46
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура жер тилкелерин мыйзамсыз берүү (акысыз, бир нече жолу) фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Мамлекетке 56,3 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Сокулук районунун каттоо органдары тарабынан 2018-2022-жылдары жер мыйзамдарын бузуу менен 38 жаранга турак жай куруу үчүн жалпы аянты 1,6 га жер тилкелери бир нече жолу берилгени аныкталган.

Ошол эле учурда мыйзамдуу түрдө жер тилкесин алуу үчүн кезекте турган жарандар жер тилкесиз калган.

Бул фактынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар