12-13-мартта Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Чектөөлөр төмөнкү көчөлөргө киргизилет:
«Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
ЖКККББ бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унааларды калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар менен зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.